# Закон КР от 7 июля 1999 года № 65 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-216/edition/1234043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 7 июля 1999 года № 65 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате" (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229

---

КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 7-июлу № 65

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/229/st-1)

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 9, 320-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 11-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү ", нотариустун жардамчысы кайталап экзамен тапшырбайт" деген сөздөр алынсын.

2. 12-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жеке нотариалдык кеңселердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен" деген сөздөр алынсын.

3. 104-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Төмөнкүлөр: -"Мамлекеттик нотариат жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1974-жыл, N 13 санына тиркеме); -"Мамлекеттик нотариат жөнүндөгү" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1974-жыл, N 13, 76-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/229/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1999-жылдын 21-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
