# Чолпон айылдык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 17/4 "Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын атын “Молдо Кылыч” айылына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чолпон айылдык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 17/4 "Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын атын “Молдо Кылыч” айылына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/4
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24352/edition/680113/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айылдык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 17/4 "Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын атын “Молдо Кылыч” айылына которуу жөнүндө" токтому (05.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228967

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

2015-жылдын 5-февралы № 17/4 Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын атын “Молдо Кылыч” айылына которуу жөнүндө Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын жалпы тургундарынын 02.02.2015-жылдагы “Осовиахим” айылынын аталышын “Молдо Кылыч” айылы деген аталышка которуу жөнүндөгү чогулушунун токтомун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 25.04.2008-жылдагы № 65 мыйзамынын 2- бөлүмүнүн 12-беренесинин талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. “Осовиахим” айылынын жалпы тургундарынын “Осовиахим” айылынын аталышын “Молдо Кылыч” айылы деген аталышка которуп берүү жөнүндөгү суроо-талаптары канааттандырылсын.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

Төрага

Б. Акматов
