# Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 100/XXVI-2 "Белоброва көчөсүнүн ордуна Джуматаева көчөсүнүн жолун пландаштырылган объектердин тизмесине киргизүү боюнча суроону кайра кароо" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 100/XXVI-2 "Белоброва көчөсүнүн ордуна Джуматаева көчөсүнүн жолун пландаштырылган объектердин тизмесине киргизүү боюнча суроону кайра кароо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100/XXVI-2
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24257/edition/677989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228871.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 100/XXVI-2 "Белоброва көчөсүнүн ордуна Джуматаева көчөсүнүн жолун пландаштырылган объектердин тизмесине киргизүү боюнча суроону кайра кароо" токтому (07.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228871

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 7-августу № 100/XXVI-2

Белоброва көчөсүнүн ордуна Джуматаева көчөсүнүн жолун пландаштырылган объектердин тизмесине киргизүү боюнча суроону кайра кароо Кыргыз Республикасынын 2015 – жылынын, теке айынын 12 ги № 260 буйругуна жараша, Кайыңды шаарынын, Октябрьга 60 жыл, Джуматаева, Белоброва жана Садовый кичи көчөлөрүнүн жолдору асфальт – бетондук төшөөгө пландаштырылган объектердин тизмесине киргизилген, областтык центрлердин жана башка чоң шаарлардын жолдору катары, казыркы кезекте Джуматаева көчөсү тизмеден алынганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация Министрлигинин алдында жол чарба департаментинен ПЛУАД № 1 Белоброва көчөсүнүн жолунун ордуна 630 – метр узундуктагы Джуматаева көчөсундөгү жолду киргизүүнү карап берүүнү суранат.

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайынды шаардык депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
