# Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 3 "Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 3 "Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24206/edition/677032/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 3 "Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө" токтому (10.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228815

---

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2013-жылдын 10-апрели № 3

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салу жоболорду бекитүү тууралуу» №625 токтомунун жоболорун жетекчиликке алып, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 20-мартындагы жана Эмгек-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги жалпы чогулуштарынын чечимдеринин негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм, Ак-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм болуп бекитилсин.

2. Ар бир чөлкөмгө чөлкөм башчылары дайындалсын.

3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосу иштелип чыксын.

4. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосун 10 (он) күндүн ичинде иштер чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.

Төрага

А. Эсенбеков
