# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июну №139 "Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июну №139 "Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24172/edition/674822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июну №139 "Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө" токтому (29.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228777

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну №139 Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын 2014-жылдын 12-августундагы отурумунун № 4 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын: Ленин районунун "Арча-Бешик" конушунда; Октябрь районунун "Мехлесхоз"; "Тунгуч", сейсмикалык курулуш институтунун аймагындагы конуштарда; Биринчи май районунун "Ново-Павловка, 100 га", "Мурас-Ордо" ("Пригородный", 145 га), "Аска-Таш" жана "Керемет", "Балбан-Таймаш" (9,3 га жана 3,41 га) конуштарында; Свердлов районунун "Ак-Тилек-2", "Красный строитель", "Кайыңды", "Чалбай", "Учкун" конуштарында, Суворов көчөсү - Чоң Чүй каналы чектеринде жаңы түзүлгөн көчөлөргө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-тиркемелерге ылайык аталыштар ыйгарылсын.

2. Көчөлөрдү атоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.Ж.Берикбаев), Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.А.Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (А.М.Рыскулова) жүктөлсүн.

Төрага

М. А. Аманкулов
