# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-июну №150 "Бишкек шаарынын көчөсүн атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-июну №150 "Бишкек шаарынын көчөсүн атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24169/edition/674826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-июну №150 "Бишкек шаарынын көчөсүн атоо жөнүндө" токтому (30.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228774

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 30-июну №150

Бишкек шаарынын көчөсүн атоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымдарды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын 22-апрелиндеги жыйынынын № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын «Джал-23» кичи районундагы И. Ахунбаев көчөсүнөн «Онтарио» комплексине чейинки жаңы түзүлгөн көчөгө «Онтарио» аталышы ыйгарылсын (схема тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаардык архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б. О. Дюшембиев) жүктөлсүн.

Төрага

М. А. Аманкулов
