# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 "Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 "Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22583/edition/980061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 "Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому (24.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228772

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну № 147 Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө Үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөнү, профилактикалык, күндөлүк жана авариялык ремонтту өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу жана азыркы тарифтерди накта чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясына тарифтердин жогорулоосун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2015-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы №158 “Бишкек шаарынын көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк–канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөгө тарифтерди киргизүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.С.Омурбековага жүктөлсүн.

Төрага

М. А. Аманкулов

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 токтомуна тиркеме

Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтер

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Тариф, сом (бир жылга жалпы аянттын 1 чарчы метрине) салыксыз

Калк

6,84

Көп батирлүү турак үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр

6,84

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

Э. А. Нурдавлетов
