Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша от 24 октября 2019 года № 119 "Об утверждении тарифов на техническое обслуживание внутридомовых водопроводно-канализационных сетей общего пользования многоквартирных жилых домов в городе Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-10-24.
Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну № 147 Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө Үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөнү, профилактикалык, күндөлүк жана авариялык ремонтту өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу жана азыркы тарифтерди накта чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясына тарифтердин жогорулоосун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2015-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы №158 “Бишкек шаарынын көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн жалпы колдонуучу үй ичиндеги cуу түтүк–канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөгө тарифтерди киргизүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.С.Омурбековага жүктөлсүн.
Төрага
М. А. Аманкулов
Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 токтомуна тиркеме
Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө тарифтер
Керектөөчүлөрдүн аталышы
Тариф, сом (бир жылга жалпы аянттын 1 чарчы метрине) салыксыз
Калк
6,84
Көп батирлүү турак үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр
6,84
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси
Э. А. Нурдавлетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кенешинин 2010-жылдын 20-февралынын №158 "Бишкек шаарында к?п квартиралуу турак ?йл?рд?н ?й ичиндеги жалпы колдонуучу cуу т?т?кт?р-канализациялык тармактарын…Постановление · 20.02.2010 · № 158 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 "Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын…Постановление · 24.10.2019 · № 119 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кенешинин 2010-жылдын 20-февралынын №158 "Бишкек шаарында к?п квартиралуу турак ?йл?рд?н ?й ичиндеги жалпы колдонуучу cуу т?т?кт?р-канализациялык тармактарын…Постановление · 20.02.2010 · № 158 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.11.2014 · № 660 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 "Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын…Постановление · 24.10.2019 · № 119 · Күчүн жоготкон