# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 146 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 146 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24166/edition/980057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 146 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому (24.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228770

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2015-жылдын 29-июну № 146

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө Суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализация) шаардык системасын ишенимдүү эксплуатациялоо, соркыскыч-энергетикалык жабдыгын модернизациялоо, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоо, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз жеткирүү, агындыларды кабыл алуу жана суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясына тарифтердин жогорулоосун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 1-июлунан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №159 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. С. Омурбековага жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Аманкулов

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы № 146 токтомуна тиркеме

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга

тарифтер

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Суу менен жабдуу –ичүүчү суу жеткирүү, сом (1 куб/м үчүн) салыксыз

Суу бөлүштүрүү (канализация) - агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, сом (1 куб/м үчүн) салыксыз

Калк

5, 38

1, 20

Бюджеттик уюмдар

7, 38

2, 10

Ишканалар, анын ичинде, ЖЭБ

9, 15

4, 02

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

Э.А.Нурдавлетов
