# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 129 "Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 129 "Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24142/edition/670437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 129 "Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому (20.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228745

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2015-жылдын 20-майы № 129

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы № 82 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун муниципалдык башкарууну децентралдаштыруу тутумун өркүндөтүү, Бишкек шаарында сапаттуу балансталган тамактандырууну камсыздоо жолу менен мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын ден-соолугун чыңдоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, шаардын мектептеринде окугандардын тамактануусун экономикалык натыйжалуу уюштуруу тутумун түзүү бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (Кулматов К. К.):

бекитилген жобого ылайык билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөсүн; тамак-аш продуктыларын жана кызматтарды сатып алууга тендерге катышуу үчүн сынактык документти иштеп чыгууда генетикалык модификацияланган организмдин (ГМО) химиялык жана даам берүүчү кошулмалардын жоктугуна тастыктамалардын бардыгы жөнүндө талаптарды карап чыксын

3. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 460 “Жалпы билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жана 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 242 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А. Т. Сариев) жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине (А. М. Рыскулова) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

М.А.Аманкулов
