Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо (Токтогул шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген)
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.06.2015-жылдагы кезексиз X сессиясынын № 48 токтомуна 2-Тиркеме
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары - шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук , райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 “Ардактуу наам” ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен шаардык кеңешке жөнөтөт.
1.4 “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.6 Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 3 адамга гана ыйгарылат.
II. Токтогул шаарынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, шаардын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Токтогул шаарынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
2.3 Шаарга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
III. Шаардын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Токтогул шаардык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3. ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
• Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.