# Сары-Ой айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-июну № XIY/I "Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Ой айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-июну № XIY/I "Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XIV/1
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24051/edition/664498/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Ой айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-июну № XIY/I "Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин кароо жөнүндө" токтому (30.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228652

---

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы

2014-жылдын 30-июну № XIY/I Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» №451токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2013-жылдын 8-июлунда №403 токтому чыккан. Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны боюнча 7 штаттык бирдик мындан сырткары аскердик-эсепке алуу персоналына ылайык 1 штаттык бирдик кармоо токтомдо көрсөтүлгөн. Калктын саны эки миңге чейинки айыл өкмөттүрүндө башкы адистик кызматына 2 штаттык бирдик берилген. Биз айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаалдар боюнча, жерге жайгаштыруу боюнча башкы кызмат орундарын кармап келгенбиз жакындан бери кирешелер боюнча жетектөөчү адис өз каалоосу менен кызматтан бошоп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматты аркалап келген К.Исаева кирешелер боюнча жетектөөчү адистик кызмат ордун сурап арыз менен кайрылган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис К.Исаеванын арызын канаатандырылып кирешелер боюнча башкы адистик кызматка которулган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой айыл өкмөтүнө мал чарбасын жана ветеринардык тейлөө маселери боюнча иш алпаруу үчүн башкы адис керек экен. Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин кызмат ордуна караганда, ветеринардык кызмат боюнча башкы адистин зарылчылыгы көбүрөөк керек экен.Чыгып сүйлөгөндөрдүн сунуш пикирлерин эске алып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык КеҢешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин кызмат ордун кыскартып, мал чарбачылыгы жана ветеринардык кызмат боюнча башкы адистин кызмат ордуна конкурс жарыялоо жагы Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Мандат, экономикалык пландоо, курулуш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

М. Нааматбеков
