Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Көл шаардык кеңешинин “Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысынын м.а. А.Эрматовдун кайрылуусу жөнүндө” токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2013-жылдын 17-августу № 29/8-6 “Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысынын м.а. А.Эрматовдун кайрылуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобосунун 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун 6-пунктун жетекчиликке алуу менен VI чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылып кабыл алынсын.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты кабыл алынган токтомдорду өз убагында облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүүгө жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Орунова Ж.Ж.) жүктөлсүн.
Төрага
М.К.Женбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.