# Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 2 "Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 2 "Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23843/edition/649563/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 2 "Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (09.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228404

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2015-жылдын 9-апрели № 2 Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезексиз XXVI сессиясы

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө Чаек айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу КР "Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү" мыйзамдын, Кыргыз Республикасындагы "Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" мыйзамдын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү" типтүү жобонун 6-бөлүмүнүн талаптарынан ылайык, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдору мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүп.

Төрага

А. Бөдөшбеков
