Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана уюштурууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 29 апрели № 124 Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана уюштурууга тарифтерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин 72-77 - беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин муниципалдык жана жалпы үлүштүк менчигинде турган Бишкек шаарынын лифттерин тиешелүү техникалык тейлөөнү жана эксплуатациялоону уюштурууну камсыздоо, ошондой эле шаардыктардын жашоосунун социалдык шарттарын теңдөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга төмөнкү өлчөмүндө тариф бекитилсин:
а) релейлик лифттерге батирдин жалпы аянтынын (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен) 1,0 ч.м. үчүн айына 2,73 сом, анын ичинде батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,70 сом өлчөмүндө лифттерди эксплуатациялоону уюштурууга жана техникалык тейлөөгө жана күнүмдүк оңдоо иштерине батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,03 сом;
б) электрондук лифттерге батирдин жалпы аянтынын (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен) 1,0 ч.м. үчүн айына 3,12 сом, анын ичинде батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,70 сом өлчөмүндө лифттерди эксплуатациялоону уюштурууга жана техникалык тейлөөгө жана күнүмдүк ремонт иштерине батирдин жалпы аянтынын 1,0 чарчы метр үчүн 1,42 сом.
Бишкек шаарынын мэриясы:
а) Кыргыз Республикасынын бекитилген ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык муниципалдык лифттерди тиешелүү күтүүнү, техникалык тейлөөнү жана коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылсын;
б) эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөтүн өтөп бүткөн муниципалдык лифттерди этап-этабы менен модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонт иштерин, аларды кийин жашоочулардын жалпы үлүштүк менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берүү менен улантсын;
в) 2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде муниципалдык лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга каралган каражаттарды эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн өтөп бүткөн Бишкек шаарынын лифт чарбасын реабилитациялоого багыттасын.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 “Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди камсыздоого жана техникалык тейлөөгө тарифти бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын ишин текшерүү тапшырылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэри М. Н. Саккараевге жүктөлсүн.
Төрага
М.А. Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тарифти…Постановление · 03.12.2010 · № 199
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон