Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Турак жай ээлеринин шериктиктеринин жалпы үлүштүк менчигине жалпы мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 123 Турак жай ээлеринин шериктиктеринин жалпы үлүштүк менчигине жалпы мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин, Кыргыз Республикасынын “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, турак жай ээлеринин шериктиктеринин жалпы үлүштүк менчигине жалпы мүлктү өткөрүп берүү маселеси боюнча материалдарды карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:
а) Шопоков көчөсү, № 33 үй, № 35 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү (“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү укугунда турган муниципалдык турак эмес жайлардан тышкары) “Булак 33” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
б) “Чыгыш-5” кичирайону, № 24/2 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Батыр Ордо” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
в) Чүй проспекти, № 73 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Ника” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
г) Гоголь көчөсү, № 114 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Гоголь 114” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
д) 5-кичирайон, № 15 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Пятнашка” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
е) 12-кичирайону, № 33 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү (“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү укугунда турган муниципалдык турак эмес жайлардан тышкары) “Ынтымактуу үй” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
ж) Исанов көчөсү, № 143 үй дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү “Тынчтык миллион” турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселесин талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен бекитилген турак үйлөрдө жайгашкан муниципалдык жайлардын тиешелүүлүгүн табуу жана мындан ары аларды турак жай ээлеринин шериктиктиктерине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча комиссия бул багытта ишти улантсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага
Р. Таманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 122
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 309-б (Ч.И.Ибраимова жанан И.П.Клименко боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.07.2013 · № 309-р