# Биринчи Май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-декабрындагы № 70 "2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Биринчи Май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-декабрындагы № 70 "2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23791/edition/649993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/228352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биринчи Май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-декабрындагы № 70 "2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө" токтому (03.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228352

---

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-декабры № 70 Айылдык Кеңештин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы

2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагулованын “СССР – АР” ЖЧК 17.09.2014 – ж № 2 банкроттук процесси жөнүндө катынын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин “ Банкрот” деп таанылган же жарыяланган төлөөгө жарамсыз уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу 64 – беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигине “ Биринчи Май айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдын киреше бөлүгүнүн болжолу боюнча келише албастыгы жөнүндө “ 12.11. 2014 - ж № 810 биз жазган каттын негизинде маалыматын угуп. Биринчи Май айыл Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Бюджеттин киреше бөлүгү төмөнкү кирешелер боюнча азайтылсын:

Кыймылсыз мүлккө салык – 320.3 мин сом. Айыл чарба эмес багытындагы жерди пайдаланууга жер салыгы 773.9 мин сом Бардыгы: 1094.2 мин сом.

2. Киреше бөлүгү 1094.2 мин сом өлчөмүнчө азайтылсын

70629 бөлүгү – башка турак – жай жана коммуналдык тейлөөлөр 2221-22211200 – 1094.2 мин сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага жүктөлсүн.

Төрага

Саралаев Б.А.
