# Кара-Буура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы № 3 "Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы № 3 "Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/228082>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23521/edition/644107/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы № 3 "Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө" токтому (13.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/228082

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2014-жылдын 13-июну № 3 Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы №274-токтомунун негизинде Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 49-чакырымынын Пост-ГАИ гребень плотина кесилишинин түштүк тарабынан жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы оор салмактагы, ири габариттүү транспорт каражаттарын тараза аркылуу өтүшүн көзөмөлдөө жана тоннелдер боюнча кызмат башкармалыгына пайдалануу үчүн берилсин.

2. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго токтомду аткаруу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Усупбеков
