# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/136 "Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/136 "Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/136
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/227058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23397/edition/636808/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 01-5/136 "Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө" токтому (29.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/227058

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2014-жылдын 29-декабры № 01-5/136 Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2014-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча, 9 айдын киреше бөлүгү 49 808 000 сомду, чыгаша бөлүгү 44 186 478 сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 88% аткарылгандыгын угуп жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту 9 айда эмес, 6 айда жана бир жылдык мөөнөттө берүүсүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2014-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б. Артыков
