Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жошолу айылдык кеңешинин «Жошолу айыл аймагына караштуу Осоавиахим-Миязды айылына эмкана куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоорун карап жана талкуулоо жөнүндө» токтому
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI заседаниеси
2015-жылдын 26-январы № 16/4 Жошолу айыл аймагына караштуу Осоавиахим-Миязды айылына эмкана куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоорун карап жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим-Миязды айылына эмкана куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.
2. Осоавиахим-Миязды айылына эмкана куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору 1 904 734 сомду түзөт. Бардык өздүк салым 1 904 734 сомду түзүп, анын ичинен кол күчү менен 95 237 сомдук жумуш менен Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2012- жылдын 29- июнундагы №462 токтомунун негизинде 95 237 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төгүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Эмканага керектелүүчү төломдөрдү келишимге ылайык өз убагында төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж .Омүрзаковго жана айылдык Кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
А. Иманахунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.