# Закон КР от 30 июня 1999 года № 63 "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-214/edition/857964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 30 июня 1999 года № 63 "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/227

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 30-июну № 63

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/227/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү каралган жоболорунан башкалары жарыяланган күндөн тартып, колдонууга киргизилсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/227/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси жарыяланган күндөн тартып 1960-жылдын 29-декабрында "Кыргыз ССРинин Уголовный процессуальный кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз ССРинин Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз ССРинин Уголовный-процессуалдык кодекси (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1960-жыл, N 40, 146-ст), ошондой эле 1960-жылдын 29-декабрынан тартып 1999-жылдын 24-майына чейин Кыргыз ССРинин Уголовный-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча кабыл алынган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылсын. "Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 21-июлунда N 59-62 жарыяланды

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/227/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине карама-каршы келген мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- министрликтер менен администрациялык ведомстволор тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларынын кайра каралышын жана жоюлушун камсыз кылсын.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/227/st-4)

Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары жана ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирилгенге чейин алардын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет.

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/227/st-5)

Жазык-процесстик кодексинин 270-статьяда каралган сот сакчысы жөнүндө жоболору.. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча 2001-жылга чейин этабы менен киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1999-жылдын 24-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
