# Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226826>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23165/edition/781210/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 "Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө" токтому (04.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226826

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 4-марты № 17 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.

Төрага

М. Султанов
