# Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 115 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдаланышына контрол жүргүзүү үчүн Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 115 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдаланышына контрол жүргүзүү үчүн Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23121/edition/779343/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 115 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдаланышына контрол жүргүзүү үчүн Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча" токтому (15.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226782

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2017-жылдын 15-февралы № 115 Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдаланышына контрол жүргүзүү үчүн Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынан өкүл шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынынын атайын эсебинин акча каражаттарынын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынан атайын эсептин Байкоочу кеңешине өкүл шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

2. Токтогул шаарынын депутаты Исаков Максат Муктарбекович Байкоочу кеңешке өкүл болуп шайлангандыгы белгиленсин.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.

5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

К. Дербишев
