# Теплоключенка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-октябрындагы № 52 "Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-октябрындагы № 52 "Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-23073/edition/777632/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-октябрындагы № 52 "Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (28.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226734

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясы

2016-жылдын 28-октябры № 52 Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майы №81 Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө Мыйзамынын 6-беренинин 3-пунктуна ылайык айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык чөйрөдөгү мекеме үчүн Көзөмөлчүлүк кеңешти тандоо жана түзүү боюнча төмөндөгү курамында комиссия түзүлсүн:

– айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комисиянын жетекчиси;

– а/к депутаты, соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы;

– айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юрист;

– айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис;

– аксакалдар сотунун төрагасы

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Төрага

К.С. Джаныбеков
