Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 „2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 4-марты № 128 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясында:
- IV бөлүмүнүн 4.2-пунктунун төртүнчү абзацы "(г) укуктук тематикада жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде) жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖдордо) түшүндүрүү лекцияларын өткөрүү тажрыйбасын жайылтуу" деген сөздөрдөн кийин "; (д) коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү практикасын киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- "Калкты укуктук пропагандалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу" деген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 2.91-пункт менен толукталсын:
"
2.91
Өздөрүнүн иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чектеринде коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү
Дайыма
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча калктын билим деңгээлин жогорулатуу
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14 мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын кѳтѳрүү Концепциясын бекитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 14.03.2016 · № 122 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14 мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын кѳтѳрүү Концепциясын бекитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 14.03.2016 · № 122 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын…Постановление · 16.03.2011 · № 109 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон