# Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-майындагы № 27/4 "Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-майындагы № 27/4 "Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/7
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22708/edition/742459/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-майындагы № 27/4 "Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө" токтому (13.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226351

---

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 13-майы № 27/4 Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 31-декабрында № 758 токтомунун негизинде батирге болгон төлөмдөрдүн тарифин шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жангак шаарындагы муниципалдык менчикте турган батирлерге тарифтерди колдонуу үчүн түзүлгөн тарифтик эсеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн батирлерге болгон төлөмдөр жөнүндөгү 29.12.2014-жылдагы №758 сандуу токтомунда көрсөтүлгөн эсепке ылайык тарифтер бекитилсин. (Тариф тиркелет)

2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу И.Ходжамбердиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду аткаруусун көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу , жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеӊешинин төрагасы

К.У. Курбанов
