# Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/6 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/6 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/6
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22663/edition/753529/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/6 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (17.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226306

---

КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кѳк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XVI сессиясы

2016-жылдын 17-июлу № 16/6 Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүндө адис статистик кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Көк-Жар Айыл өкмөтүндөгү адис статистик кызмат орду, келишими бекитилсин.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүндө адис статистик кызмат ордунун келишимин, штат бирдигинин акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Кененбаевага милдеттендирилсин.

Төрага

А. Кадыракунов
