# Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 10 "Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 10 "Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22651/edition/735080/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 10 "Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому (20.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226293

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2016-жылдын 20-январы № 10 Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө

21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.

Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №\_\_\_\_ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Жеке Юридикалык дареги: Бештерек айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Алиева Калиман

2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамаатына жүктөлсүн.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:

А.Ж Бөдөнбеков
