# Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 8 "Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 8 "Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22649/edition/735074/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 8 "Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө" токтому (20.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226291

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2016-жылдын 20-январы № 8 Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө

21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.

Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №\_\_\_\_ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Жеке Юридикалык дареги: Бештерек айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Султанбекова Бермет

2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатына жүктөлсүн.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:

А.Ж Бөдөнбеков
