Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 8 Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №____ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Жеке Юридикалык дареги: Бештерек айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Султанбекова Бермет
2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек айылдык ден соолук комитети” жамаатына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:
А.Ж Бөдөнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36