Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 5 Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымык” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымак” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №____ Уюштуруу укуктук формасы Жамаат Менчик түрү: Жеке Юридикалык дареги: Актатыр айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району Жамааттын төрагасы: Отунчиева Динара Эсенбековна
2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымак” жамаатына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:
А.Ж Бөдөнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36