# Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22635/edition/819267/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө" токтому (20.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226277

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2016-жылдын 20-январы № 3 Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки”участкасына айыл статусун берүү жөнүндө.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 токтомуна ылайык жана “Чукур-Аксеки”айылында 350дөн ашык түтүн 2100 дөн ашык калктын санын эске алып, күн тартибиндеги маселени боюнча талкуулап, Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жагы Жумгал райондук кошмо жыйындан суралсын.

2. “Чукур-Аксеки” айылынын чеги. Чыгышынан Чет-Куугандынын суусу. Батышынан Б.Бабаев көчөсүнүн асты үстү. Түштүгү М.Рыскулов көчөсүнүн башы мечиттин жаны. Түндүгү Саздын башына чейин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы:

А.Ж Бөдөнбеков
