# Тамчы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 51 "Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Тамчы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 51 "Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22632/edition/819261/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамчы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 51 "Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө" токтому (12.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226274

---

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы

2016-жылдын 12-февралы № 51 Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Ысык-Көл раймамадминистрациясынын 08.02.2016-жылдагы Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы пландаштырган иш-чараларына сарпталуучу каражатты бөлүү жөнүндөгү №1/1-179 билдирүүсүн депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 2016-жыл ичинде Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан белгиленген иш-чараларына сарпталуучу каражатты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.

2. Айыл Өкмөтүнө, 2016-жылы белгиленген Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чараларга даярдык көрүү жана КРнын “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесиндеги милдеттерин аткаруу тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышы Айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин турукту комисиясына тапшырылсын.

Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы

Н. Иманалиев
