# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/226131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22578/edition/1118339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/226131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/226131

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 3-июну № 286 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө 1-берене "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 62-беренесинин биринчи абзацындагы "административдик," деген сөз алып салынсын.

2-берене "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 23-статьясынын он сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-берене Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 90-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат.". 4-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүне кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
