# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225818>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22576/edition/1113041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225818.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225818

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-майы № 277 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-главасынын эскертүүсүнүн 3-бөлүгүндөгү "диний иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 92-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"92-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу

1. Диний билим берүүнүн тартибин караган ченемдерди бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Коомдук жайларда, ошондой эле турак жайларды, мамлекеттик же муниципалдык мекемелерди кыдыруу жолу менен диний мүнөздөгү адабияттарды, басма, аудио жана видео материалдарды жайылтуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоосуз диний иш-аракеттерди жүргүзүү -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
