# Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 95/13-3 "Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 95/13-3 "Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95/13-3
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2014
- Редакциянын күнү: 01.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-22251/edition/1277119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 95/13-3 "Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (01.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225801

---

Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 152/26-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII СЕССИЯСЫ

2014-жылдын 12-марты № 95/13-3 «Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Токмок ш. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруучусунун 22.01.2014-жылдагы №1/1-69 жана 06.03.2014-жылдагы кайрылууларынын жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» Жобосуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3.4 пунктунда “4000” саны “5000” санына алмаштырылсын,

- 3.5 пунктунда “120” саны “200” санына алмаштырылсын, ошондой эле “аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун бардык үч тобунун майыптарына” сүйлөмү “аз камсыз болгон, иштебеген жалпы оорунун I жана II тобунун майыптарына” сүйлөмү менен алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Таманбаев
