# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябры № 546 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябры № 546 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 546
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22573/edition/1055864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябры № 546 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225697

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 11-ноябры № 546 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

- 4-главасынын 8-пунктунда:

5 жана 6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын; 14-пунктчасындагы "өткөрмө" деген сөз "чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды

Премьер-министр

С.Н. Жапаров
