Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин “Токмок жылуулук берүү ишканасы” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ
2013-жылдын 21-февралы № 37/8-3 “Токмок жылуулук берүү ишканасы” мамлекеттик ишканасы жөнүндө Токмок шаарынын биринчи вице-мэри м.а. Ж.С.Джокаевдин, “Токмок жылуулук берүү ишканасы” мамлекеттик ишканасынын директору Т.О.Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык Кенеши тѳмѳнкүлѳрдү белгилейт, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 6.09.2011ж. №392-р буйрутмасын аткаруу максатында кабыл алынган Токмок шаардык Кенешинин 20.06.2012ж. №14/5-3 “ТЖБИ МИни муниципалдык менчикке кабыл алуу жѳнүндѳ” токтому Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан депутаттардын койгон шарттарын аткаруу бѳлүгүндѳ аткарылбай келет. Токмок шаары боюнча 2013-жылы жылуулук энергиясын субсидиялоо үчүн 293,0 млн.сом зарыл, анын ичинен Каржы министрлиги тарабынан 160,1 млн.сом каралган, жетпеген 132,9 млн.сом суммасы жергиликтүү бюджеттен каржыланышы керек. Токмок шаарынын 2013-жылга бюджетинин долбооруна ылайык, жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгү 131,9 млн.сомду түзѳт, бул каражаттар шаардын ар кандай социалдык-экономикалык кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ каралышы зарыл. Шаардык бюджеттин 2013-жылга киреше потенциалы, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн 132,9 млн.сом суммасындагы айырманы жабууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жылуулук берүү ишканасынын 60-70-жылдары орнотулган жылытуу тутумунун жана жабдууларынын эскиришин эске алуу зарыл, ал кошумча каражат салууну талап кылат. 2012-жылдын ноябрь айында жаратылыш газын колдонууга чектөөлөр киргизилгендиктен, керектөөчүлөргө максималдуу ыңгайлуу режимди кармоо үчүн, ошондой эле жылуулук берүү тутумунун тоңуп калбашы үчүн, Жылуулук берүү ишканасында 20237,4 миң сом өлчөмүндө чыгаша пайда болду. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле экономикалык-социалдык жана калкты үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоонун маанисин эске алып, ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Толук кѳлѳмдѳ каржылоо маселеси аягына чейин чечилгиче “Токмок жылуулук берүү ишканасы” мамлекеттик ишканасы муниципалдык менчикке кабыл алынбасын.
2. Токмок шаарынын мэри (Оморканов А.Н.), Токмок шаарынын каржы бѳлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.), “Токмок жылуулук берүү ишканасы” мамлекеттик ишканасынын директору (Сулайманов Т.О.) тарабынан Кыргыз Республикасынын Каржы минитстрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳнѳр-жай министрлиги менен төмөндөгү иш-чаралар жүргүзүлсүн:
- Токмок шаары боюнча 293,0млн.сом ѳлчѳмүндѳ жылуулук энергиясын субсидиялоону 2013-жылдын Республикалык бюджетине киргизүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мекемеде доомат мөөнөтү өтүп кеткенден пайда болгон, өндүрүп алууга мүмкүн эмес кайтарымсыз карыздар жана мекемелердин кредитордук береселерин толук жоюуп эсептен чыгаруу боюнча;
- жаратылыш газына чектөөлөр киргизилген учурда, керектелген жаратылыш газы үчүн 20237,4 миң сом өлчөмүндө чыгашаны эсептен чыгаруу боюнча.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын биринчи вице-мэрине, ѳнѳр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага
Р. Таманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.