# Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 6 "Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин мамлекеттик автоунааларын сатууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 6 "Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин мамлекеттик автоунааларын сатууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21913/edition/671353/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 6 "Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин мамлекеттик автоунааларын сатууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (11.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225384

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН

2012-жылдын 11-апрели № 6 Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин мамлекеттик автоунааларын сатууга макулдук берүү жөнүндө Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасы жана жашылдандыруу мекемелери мекеменинин балансында турган ГАЗ 31029 үлгүсүндөгү автоунаалары эскилиги жетип улам оңдотууга мүмкүн болбой, автотетиктери үчүн акча каражатын көп талап кылып жаткандыгын билдирүү менен бул автоунааларды сатып , жаз мезгилиндеги шаардын чарбалык иштерин аткарууда автотетиктерди күйүүчү-майлоочу майды аз талап кылган автоунаа сатып алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылышкан. Мекемелердин сунуш каттары шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, автоунаалар азыркы базар баасына жараша сатылып, мекемелер үчүн күйүүчү-майлоочу майларды аз талап кылган автоунааларды сатып алууга макулдук берүү боюнча көз карандысыз эксперттин аныктамасынын, мекемелердин автоунаанын азыркы техникалык абалы жөнүндө түзүлгөн актыларынын негизинде сессияга сунуштоо протоколун жиберишкен. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы №152 «Мүлккө муниципалдык менчик» жөнүндөгү Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жана комиссиялардын сунушун эске алып, депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы №152 «Мүлккө муниципалдык менчик» жөнүндөгү Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин ГАЗ 31029 үлгүсүндөгү 0944 NA, «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын ГАЗ 31029 үлгүсүндөгү 0020 NB , Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин ГАЗ 31029 үлгүсүндөгү 1034NA номерлүү «Волга» автоунааларын сатууга жана мекемелер үчүн күйүүчү, майлоочу майды аз талап кылган, үнөмдүү автоунаа сатып алууга макулдук берилсин.

2. Жогорудагы мекемелердин кызматтык автоунааларын сатуу боюнча Мыйзамга ылайык атайын баалоо комиссиясын түзүү жагы шаардык мэрияга (А.Суранов) тапшырылсын.

Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы

А. Көкөтаев
