# Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 22/6-3 "Токмок шаардык кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007ж. токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 22/6-3 "Токмок шаардык кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007ж. токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22/6-3
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21851/edition/655579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 22/6-3 "Токмок шаардык кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007ж. токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (09.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225315

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ

2012-жылдын 9-ноябры № 22/6-3 Токмок шаардык кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007ж. токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Эколог» ТМИ 5 жылдык мөөнөткө жер салыгынан бошотуу бөлүгүндө, Токмок шаардык Кеңешинин №207/34-1 28.05.2007ж. токтомунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 206 беренесинин, (санитардык, суу сактоо зоналары) 181 беренесинин 2 бөлүгүнүн 1 пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, профилдик депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык Кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007 жылдагы токтомунун 1 пункту төмөнкү редакцияда бектилсин:

- «Токмок Водоканал» Муниципалдык ишканасы жер салыгын төлөөдөн бошотулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Токмок шаардык кеңешинин төрагасы

Р. Таманбаев
