# Кемин шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-июнундагы № 123-28-26 "Кемин шаарынын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кемин шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-июнундагы № 123-28-26 "Кемин шаарынын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123-28-26
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21834/edition/652495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кемин шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-июнундагы № 123-28-26 "Кемин шаарынын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (11.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225298

---

КЕМИН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 11-июну № 123-28-26 «Кемин шаарынын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кемин шаарынын жеке үй куруучулардын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторуна суроо талаптар күндөн күнгө көбөйүүдө. 2005-жылдын 6-майындагы № 177 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5 - пунктуна ылайык Кемин шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кемин поселкалык Кеңешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 24-6-26 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 2015 жылдын 1 июлдан тартып жер тилкесинин ѳлчѳмү 500 (беш жүз) чарчы метирден киргизилсин.

2. Кемин мэриянын аймагында жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүн 500 (беш жүз) чарчы метрден бекитилсин.

3. Токтомдун аткаруу милдети мэриянын вице мэри С.Иманалиевге, жер адиси И.Саяковго жүктѳлсүн.

Кемин шаардык кеңешинин төрагасы

М.Өмүрбеков
