# КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 279
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1926/edition/1012505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22518

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 29-декабры № 279 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/22518/st-1)

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 270-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин ишке ашыруу" деген сөздөр "жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 3-статьянын 2-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.".

3. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- менчик качан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгондо;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/22518/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
