Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «“Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII СЕССИЯСЫ
2014-жылдын 5-марты № №77/12-3 “Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө Токмок ш. мэринин 14.02.2014-ж. чыг.№127/1-4 кайрылуусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилиги жөнүндөгү Кодексинин 506, 534-1 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү” Мыйзамдарына ылайык жана мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссиясы жөнүндө” Жобосу бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом “Менин шаарым Токмок – Мой город” шаардык гезитине белгиленген тартипте басылып чыгарылсын.
3. Токмок шаардык Кеңешинин аппараты, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция Башкармалыгына жөнөтсүн.
4. Токмок шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 04-февралындагы №161/24-2 токтому өз күчүн жоготту деп саналсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р.Дж.Таманбаев
Токмок шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы №77/12-3 токтому менен бекитилген
Токмок ш. мэриясынын карамагындагы административдик комиссия жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Токмок ш. мэриясынын административдик комиссиясын түзүү тартибин жана ыйгарым укуктарын эрежелейт.
1.2. Административдик комиссия "КР административдик укук бузуулар жөнүндө" КР Мыйзамында каралган ыйгарым укуктардын чегинде административдик бузууларды кароочу дайыма иштөөчү коллегиалдык орган болуп эсептелет.
1.3. Административдик комиссиянын ишмердуулугу КР "Административдик укук бузуулар женунде" Кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүү тартиби
2.1. Административдик комиссиянын саны жана жекече курамы Токмок ш. мэри тарабынан бекитилет.
2.2. Административдик комиссиянын курамына Токмок ш. аймагында жашаган, жашы толгон жана соттолгон эмес, КР жөндөмдүү жарандары кирет.
2.3. Административдик комиссия төмөнкү курамда түзүлөт: комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, катчысы (добуш берүү укугу жок) жана жуп эмес сандагы (7,9) мүчөлөрү, б.а. комиссиянын мүчөлөрүнүн саны жуп эмес санга ылайык болуш керек. Комиссиянын мүчөлөрү коомдук башталышта иштейт.
2.4. Административдик комиссиянын мүчөсү ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкү учурларда бошотулат:
-өзүнүн ыйгарым укугун алып таштоо жөнүндө жазуу түрүндөгү арызы берилгенде; -административдик жоопкерчиликке тартылганда; -соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде; -мыйзамдуу күчүнө кирген, соттун чечими менен административдик комиссиянын мүчөсүнүн жөндөмсүздүгү, жөндөмдүүлүгү чектелгендиги, дайынсыз жок болгондугу жана өлгөндүгү таанылганда; -административдик комиссиянын мүчөсү каза болгондо; -тиешелүү административдик комиссия тарабынан административдик комиссиянын мүчөсү дайыма өз милдеттерин аткарбайт деп таанылгандын негизинде.
3. Административдик комиссиянын мүчөлүгү
3.1. Административдик комиссияны, Токмок ш. мэриясынын вице- мэрлеринин бири - Төрага болуп жетектейт.
3.2. Токмок ш. мэриясынын бөлүмдөрүнүн жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү жарандык коомчулуктун жана МЭУнун өкүлдөрү административдик комиссиянын мүчөлөрү боло алат.
3.3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Эмгек Мыйзамына ылайык, административдик комиссиянын мүчөлүгү негизги иш ордунан бошотулбайт жана административдик комиссиянын мүчөлөрү административдик комиссиянын отурумдарында катышуу убагында негизги иш ордундагы орточо эмгек акысы сакталат.
4. Административдик комиссиянын иши
4.1. Административдик комиссиянын негизги иши болуп инсанды коргоо, жарандын укугун жана боштондугун, ден-соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдогу адеп-алхакты, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, көрсөтүлгөн тартипте мамлекеттик бийликти ишке ашырууну жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын жана алардын бирикмелеринин административдик укук бузуулардан коргоо жана алардын алдын алуу эсептелет.
4.2. Токмок ш. административдик комиссиясы Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинде берилген ыйгарым укуктарынын чегинде административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
5. Административдик комиссиянын иш тартиби
5.1. Токмок ш. мэриясынын административдик комиссиясынын отуруму зарылдыгына жараша, Токмок ш. мэриясынын имаратында бир айда 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Комиссиясынын отуруму ачык административдик укук бузуучулардын, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.
5.3. Отурумдар мамлекеттик же расмий тилде өткөрүлөт.
5.4. Административдик комиссиясынын чечими, анын курамынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмес мүчөлөрүнүн катышуусу, жөнөкөй добуштун көпчүлүгү менен кабыл алынат.
6. Административдик комиссиянын ишмердүүлүк тартиби
6.1. Административдик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- уюмдардан жана мекемелерден, менчик формасына карабастан, өз ишмердүүлүгү үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды талап кылууга;
-мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук биримдиктер менен өз компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча өз ара аракеттенүүгө.
6.2. Административдик комиссиянын төрагасынын ыйгарым укугу:
а) административдик комиссияны жетектейт, анын ишине усулдук жетектөөнү ишке ашырат.
б) КР"Административдик укук бузуулар жөнүндө" Кодексине жана административдик комиссиянын компетенциясына тийиштуу, административдик укук бузуулар жөнүндө иштердин токтомдоруна жана аныктамаларына кол коет.
в) административдик комиссиянын компетенциясына тийиштүү административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча протоколдорго административдик комиссиянын катчысы менен биргелешип кол коет.
г) жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, доолорун карайт жана алар боюнча зарыл чараларды көрөт.
д) КР Мыйзамында белгиленген башка ыйгарым укуктарга ээ.
6.3. Административдик комиссиянын отурумдары административдик комиссиянын төрагасы тарабынан (ал жок болгон учурларда төраганын орун басары), КР "Административдик укук бузуулар жөнүндө" Кодексинде белгиленген административдик укук бузуулар жөнүндө иштердин кароо мөөнөттөрүнүн шарттарын колдонуу менен материалдардын түшүшүнө жараша өткөрүлөт.
Жооптуу катчы
Р. Кадыркулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Токмок шаардык кенешинин 2010-жылдын 4-февралынын №161/24-2 "Токмок шаарынын мэриянын курамындагы административдик комиссия тууралу" жобосун бекитүү жѳнүндо ТоктомуПостановление · 04.02.2010 · № 161/24-2
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон