# Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 20-июлндагыу № 14/5-3 "«Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 20-июлндагыу № 14/5-3 "«Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/5-3
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-21555/edition/631270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 20-июлндагыу № 14/5-3 "«Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому (20.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225018

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын V сессиясы

2012-жылдын 20-июлу № 14/5-3 «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6.09.2011ж. №392-р "Экономика жана коопсуздук" иш Мерчемин аткаруу жана мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.01.2011ж. 2011-жылга программасын иштетүү боюнча" буйрутмасын аткаруу максатында, жана ошондой эле 28.06.2012ж. №15-61 КР биринчи вице-премьер-министриндеги кеңешменин отурумунун протоколунун негизинде, Токмок шаардык мэриясынын өтүнүч катын карап жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчилике алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга төмөнкү шарттарды аткарууда макулдук берилсин:

Республикалык бюджеттен багытталган трансферттерге (субсидия) жергиликтүү бюджетке калкка жылуулук энергиясын иштетүүдө анык чыгымды жабуу боюнча төлөм жүргүзгөндө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токмок «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын эсебинен кайтарымсыз карыздарын чыгарганда;

2. Токмок шаарынын мэриясы:

- дайыма техникалык мониторинг абалын жана ири оңдоо иштери үчүн каражат издеп таап же жылуулук камсыздаган күчүнүн чегинде эскирген жабдууларды алмаштырууну камсыздасын;

- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасынын» чыгымдарына багытталган каражаттарды масаттуу колдонууга корголгон беренелер жана бюджеттик тилке түзсүн;

- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасынын» акча каражатарын сарамжалдуу колдонууну көзөмөлдөө жана натыйжалуу башкаруу боюнча программа иштелип чыксын.

- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн шаардык Кеңештин депутаттарын кошуп комиссия түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу Токмок ш. биринчи вице-мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин профилдик депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Токмок шаардык кеңешинин төрагасы

Р. Таманбаев
