Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин ««Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын V сессиясы
2012-жылдын 20-июлу № 14/5-3 «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6.09.2011ж. №392-р "Экономика жана коопсуздук" иш Мерчемин аткаруу жана мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.01.2011ж. 2011-жылга программасын иштетүү боюнча" буйрутмасын аткаруу максатында, жана ошондой эле 28.06.2012ж. №15-61 КР биринчи вице-премьер-министриндеги кеңешменин отурумунун протоколунун негизинде, Токмок шаардык мэриясынын өтүнүч катын карап жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчилике алып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга төмөнкү шарттарды аткарууда макулдук берилсин:
Республикалык бюджеттен багытталган трансферттерге (субсидия) жергиликтүү бюджетке калкка жылуулук энергиясын иштетүүдө анык чыгымды жабуу боюнча төлөм жүргүзгөндө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токмок «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын эсебинен кайтарымсыз карыздарын чыгарганда;
2. Токмок шаарынын мэриясы:
- дайыма техникалык мониторинг абалын жана ири оңдоо иштери үчүн каражат издеп таап же жылуулук камсыздаган күчүнүн чегинде эскирген жабдууларды алмаштырууну камсыздасын;
- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасынын» чыгымдарына багытталган каражаттарды масаттуу колдонууга корголгон беренелер жана бюджеттик тилке түзсүн;
- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасынын» акча каражатарын сарамжалдуу колдонууну көзөмөлдөө жана натыйжалуу башкаруу боюнча программа иштелип чыксын.
- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн шаардык Кеңештин депутаттарын кошуп комиссия түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу Токмок ш. биринчи вице-мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин профилдик депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы
Р. Таманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 392-б (Жоюлуучу мамлекеттик ишканалардын тизмеси жана Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын тизмеси…Распоряжение · 06.09.2011 · № 392-р
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон