# 9-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө врачтык сырды сактоо

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 9-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-9

---

Жарандын психикалык мандемдүүлүгүнүн бар экендиги, психиатриялык жардам сурап кайрылуу жана мындай жардам көрсөткөн мекемеде дарылануу фактылары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндөгү башка маалыматтар мыйзам тарабынан корголгон врачтык сыр болуп саналат. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн анын өтүнүчү боюнча же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча аларга ошол адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө жана ага көрсөтүлгөн психиатриялык жардам жөнүндө маалыматтар түшүнүктүү түрдө жана оорулуунун психикалык абалын эске алуу менен берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-10)
