# 7-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүлүп жаткан жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын өкүлү

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 7-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-7

---

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жаран өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзүнүн тандоосу боюнча өкүл чакырууга укуктуу. Өкүлдүктү каттап бекитүү Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. 18 жашка чейинки жашы жетпегендин жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө коргоону алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, асырап алгандары, камкорчулары), ал эми алар жок болгон учурларда психиатриялык стационардын, болбосо психоневрологиялык мекеменин администрациясы социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн жүзөгө ашырат.

3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону адвокат жүзөгө ашырышы мүмкүн. Адвокатты чакыруу жана анын кызматтары үчүн акы төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралат. Психиатриялык жардам көрсөткөн мекеменин администрациясы ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда жана 29-статьясында каралган кечиктирилгис учурлардан бөлөктө адвокатты чакыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-8)
