# 6-статья. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана коркунучтуулугу жогору ишти аткарууга чек коюу

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 6-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-6

---

1. Жаран психикалык мандемдүүлүгүнөн улам кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана коркунучтуулугу жогору ишти аткарууга убактылуу (беш жылдан ашпаган мөөнөткө жана кийин кайра каралуу укугу менен) жараксыз деп табылышы мүмкүн. Мындай чечим саламаттык сактоо органы ыйгарым укук берген врачтар комиссиясы тарабынан жарандын психикалык саламаттыгынын абалын баалоонун негизинде медициналык психиатриялык зыяндуулуктун тизмесине ылайык кабыл алынат. Врачтык комиссиясынын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана коркунучтуулугу жогору ишти жүзөгө ашыруу үчүн медициналык зыяндуулуктун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мезгил-мезгили менен жыйналган тажрыйбаны жана илимий жетишкендиктерди эске алуу менен кайра каралып турат (беш жылда бир жолудан кем эмес).

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-7)
