# 47-статья. Даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/225#diff=778859..778860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 47-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-47

---

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алган медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыз кылуу жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, же болбосо прокурорго даттанылышы мүмкүн.

2. Даттануу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адам, анын мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле мыйзам же анын уставы (жобосу) менен жарандардын укуктарын коргоо укугу берилген мекеме даттаныла турган чечимди алган күндөн же аракеттерине даттанып жаткан адам аракет жасаган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Жүйөөлүү себеп боюнча даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберген адамга, даттанууну караган орган же кызмат адамы тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилип берилиши мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-48)
