# 46-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук бирикмелердин контролдук жүргүзүүсү

- Документ: [Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/225)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-212/edition/778853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/225/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө, 46-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-46

---

1. Врач-психиатрлардын коомдук бирикмелери, башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына (жоболоруна) ылайык жарандардын өтүнүчү боюнча же алардын макулдугу менен аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына контролдукту ишке ашыра алышат. Психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелерге келип-кетүү укугу бул бирикмелердин уставдарында (жоболорунда) чагылдырууга жана психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер карамагында турган органдар менен макулдашууга тийиш.

2. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип-кетүү шарттарын психиатриялык же психоневрологиялык мекемелердин администрациясы менен макулдашууга, анда колдонулган эрежелер менен таанышууга, аларды аткарууга жана врачтык сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/225/st-47)
